Жарнама

2024-жылы альтернативдик кызматтан 714 млн сом киреше түштү

02.02.26 | 18:11
2024-жылы альтернативдик кызматтан 714 млн сом киреше түштү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

2024-жылы альтернативдик кызматтан 714 млн сом киреше түштү. Бул тууралуу коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Шаршеев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, альтернативдик кызматтан өткөн жарандардын так санын айтуу кыйын, анткени учурда аскердик мезгилге даярдык жана толуктоо иштери жүрүп жатат.

Коргоо министрлигинин алдын ала берилген маалыматына ылайык, 2025-жылы альтернативдик кызматтан түшкөн киреше болжол менен ушундай эле сумманы, тактап айтканда, 750 млн сомго жакын каражатты түзгөн.

Шаршеевдин айтымында, эгерде альтернативдик кызмат жана офицердик программалар боюнча жалпы түшүүлөрдү эсепке алганда, 2024-жылы бул сумма 1,2 млрд сомго жеткен.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча