Жарнама

Ысык-Көлдө дене тарбия мугалими 8-класстын окуучуларына зомбулук көрсөткөн

03.02.26 | 11:15
Ысык-Көлдө дене тарбия мугалими 8-класстын окуучуларына зомбулук көрсөткөн КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ысык-Көл облусунда дене тарбия мугалими сегизинчи класстын окуучуларына зомбулук көрсөткөн. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 28-январь күнү Чырак айылынын тургуну К.К. Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал арызында уулу - сегизинчи класстын окуучусу жана анын классташтары ошол эле күнү сабак учурунда дене тарбия мугалими Ж.К. тарабынан сабалып, зомбулукка кабылганын билдирген.

Арыз катталып, тиешелүү текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 28-январь күнү саат 11:00 чамасында Чырак айылындагы орто мектепте диний сабак маалында 1996-жылы туулган мугалим Ж.К. тарбиялык максатта сегизинчи класстын төрт окуучусун урганы аныкталган.

Окуучулардын денесине залал келтирилген-келтирилбегенин аныктоо үчүн төрт балага соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок балдардын мыйзамдуу өкүлдөрү - ата-энелери мугалимге дооматтары жок экенин билдирип, экспертизадан баш тартуу тууралуу кайрадан арыз жазышкан.

Аталган жагдайдан улам кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Мугалим Ж.К. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 56-беренеси - "Уруу" боюнча жоопкерчиликке тартылган.

Белгилей кетсек, бул берене денеге оор залал келтирбестен физикалык ооруну пайда кылган ур-токмок үчүн 40 саатка чейин коомдук иштерге тартууну же үчтөн жети суткага чейин камакка алууну карайт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча