Кар көчкү алдында калган жаранды издөө уланууда
03.02.26 | 15:42
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Жүлгүр” жайлоосунда кар көчкү басып калган 37 жаштагы жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
3-февралда издөө иштерине ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 12 куткаруучу дрон менен, райондук ӨКБдан куткаруучулар, ИИМ кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар тартылып, жалпы 126 адам катышууда. Жол тазалоо иштерине атайын техника пайдаланылууда.
Кырсык 31-январда катталган. ӨКМ тарабынан буга чейин кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала эскертүүлөр берилген.
Редактор
Редактор
Поделиться: