Жарнама

Төрага: Депутаттын сүйлөгөнүн одоно сындоо эч кимге аброй алып келбейт

04.02.26 | 14:42
Төрага: Депутаттын сүйлөгөнүн одоно сындоо эч кимге аброй алып келбейт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу бийлик бутактарынын ортосунда сөзсүз сый болушу керектигин белгилеп, парламенттин орду мамлекет үчүн маанилүү экенине токтолду.  

“Бир депутаттын сүйлөгөнүн одоно сындоо эч кимге аброй алып келбейт. Анткени, депутат элдин өкүлү, анын микрофону бар. Депутатка эл көйгөйдү айт, маселени көтөр деп беш жылга мандат берген. Биз аткаруу бийлигин бардык маселеде колдоп, зарыл мыйзам долбоорлорун кабыл алып берип жатабыз. Ошол эле учурда парламентке да аткаруу бийлиги тарабынан сый мамиле көрсөтүлүшү керек”, – деди төрага.

Муну менен катар бардыгынын көздөгөнү мамлекеттеги ынтымакты бекемдөө жана элдин бакубат жашоосун камсыздоо экенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Андыктан аткаруу бийлиги айтылган сөздөрдөн жыйынтык чыгарат деген ойдомун. Эч качан парламент мажирөө болуп, микрофонсуз калып, баары боло берет деген мамилеге татыктуу эмес. Парламенттин ар дайым өзүнүн орду болгон жана мындан ары да боло берет”, – деп кошумчалады. 

Эскерте кетсек, төрагага чейин “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов да сөз сүйлөп, эл өкүлдөрүнүн пикирине айтылган сындарга жооп берген. Анда эл өкүлү иштеген жерде кемчилик болорун жана депутаттар ошол кемчиликти гана ачык көрсөтүп, түздөө таризинде гана сын айтарын баса белгилеген. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча