Жарнама

Амангелдиев кымбатчылыкка негизинен импорттун үлүшүнүн көп болушу себеп экенин билдирди

05.02.26 | 12:23
Амангелдиев кымбатчылыкка негизинен импорттун үлүшүнүн көп болушу себеп экенин билдирди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кымбатчылыкка негизинен импорттун үлүшүнүн көп болушу себеп экенин билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады.

Ал азык-түлүктүн 70% сырттан импорттолорун, бул багытта өкмөт ички мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатканын түшүндүрдү.

“Тамчылатып сугаруу системасын киргизүү, айыл чарба техникаларын алууга лизинг киргизүү да ушул багытка байланыштуу. 2024-жылы кант кызылчасына байланыштуу маселе чыккан. Азыр Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда өндүрүүчүлөр үчүн насыя алууга жол ачып бердик. Бирок, негизинен маселе импорттолуучу инфляция боюнча болууда. Дүйнөлүк баалардын өсүшү таасир эткени менен, биздин айрым өндүрүүчүлөрдүн спекулянттык аракеттери бар. Бул багытта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Монополияга каршы күрөшүү агенттиги иш алып барат”, - деди Амангелдиев.

Министрлер кабинети инфляцияга байланыштуу жөнгө салуу иштерин жүргүзүп, бул багытта ар эки апта сайын жыйын өтүп жатканын кошумчалады.

Амангелдиев билдиргендей, былтыр жыл аягында инфляция өкмөттүн 7% чегинен ашып, 9,2% чыгып кеткен. Бул күйүүчү майлардын кымбатташына байланыштуу болуп, мунун алкагында мамлекет бир канча май ташуучу компанияга субсидия бергенин билдирди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча