Министрлер кабинети чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштырууну узартпайт
05.02.26 | 12:30
Министрлер кабинети чет өлкөлүк каттоо номурлары бар унааларды кайрадан легализациялоо (мыйзамдаштырууну) жүргүзүүнү пландаган жок. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин жарандарга легализациялоо процедурасынан өтүү үчүн жетиштүү убакыт берилген.
"Мамлекет бардык шарттарды түздү: мөөнөттөр узартылды, Калкты тейлөө борборлорунда кошумча терезелер ачылды. Бирок, көптөгөн жарандар бул маселеге жоопкерчиликсиз мамиле жасашты. Программаны кайрадан ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк жок", - деп билдирди ал.
Депутат Марлен Маматалиев ага унааларды кайрадан легализациялоо өтүнүчү менен кайрылуулар дагы деле келип жатканын белгиледи.
Редактор
Редактор
Поделиться: