Жарнама

Борбор Азияда ютубдан алынган 5 бриллиант кнопка болсо, алардын бардыгы Кыргызстанда

05.02.26 | 13:27
Борбор Азияда ютубдан алынган 5 бриллиант кнопка болсо, алардын бардыгы Кыргызстанда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда 2025-жылы 100гө жакын кино тартылды. Бул тууралуу Креативдүү индустриалар паркынын байкоочу кеңешинин башчысы Данияр Аманалиев Бишкекте өтүп жаткан "B5+1" форумунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы андан да көп кино тартылары күтүлүүдө.

"Кыргызстанда кино тармагы акыркы жылдары абдан өнүгүүдө. Баарыбызга маалым болгондой, кыргыз фильмдер көп тартылып жатат. Мамлекет да кино тартууга каражат берет бирок, негизги каражат жеке инвесторлордон келип жатат. Демек, бул туура экономика болуп калды. Көптөгөн өлкөлөрдө кино бул саясат болгондуктан мамлекет каражат бөлөт. Ал эми Кыргызстанда бул тармакка каражат жеке ишкерлерден келип жатат. Жеке инвестор эмне үчүн акча берет? Анткени, акчаны кайра пайдасы менен алат", - деди Аманалиев .

Ошондой эле ал негизи Борбор Азияда ютубдан алынган 5 бриллиант кнопка болсо, алардын бардыгы Кыргызстанда экендигин белгиледи.

"D Billions ютуб каналы Кыргызстандагы эң чоң компания. Алар 3 жылга жетпей 20 млрд көрүү топтошту. Бул компания ютубдун рекорддун жаратып өзгөчө белекке ээ болду. Биринчи факт ютубда эч бир канал 3 жылдын ичинде 20 млрд көрүү топтогон эмес. Экинчи факт бул компаниянын 3 бриллиант кнопкасы бар. Андан башка Кыргызстанда дагы 2 бриллиант кнопка бар. Баарын кошкондо 5 бриллиант кнопка. Негизи Борбор Азияда ютубдан алынган 5 бриллиант кнопка болсо, алардын бардыгы Кыргызстанда. Демек, Кыргызстанда бир өзгөчөлүк бар.

Креативдүү индустриянын эң чоң экспорту бул биринчиден ютуб", -деди ал.

Андан тышкары, архитектуралык компаниялар абдан тездик менен өнүгүп жаткандыгын кошумчалады.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча