Жарнама

Алиев: Кыргызстанда орто айлык алгандар үй алууга акча топтой алышпайт

05.02.26 | 14:18
Алиев:  Кыргызстанда орто айлык алгандар үй алууга акча топтой алышпайт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев Бишкекте батир баасы кымбат экенин айтты.

Ал бул көйгөй катардагы жөнөкөй жарандардын жашоосуна кыйынчылык жаратып жатканын белгиледи.

"Азыр социалдык тармактарда "жашоо бар жашаш керек" деген сөз тарап жатат. Бирок кантип жашайсың? Аябай кымбаттап кетти. Биз студент кезде, мындан 20 жыл мурун Орусияга иштегендер жарым жылда келип, Бишкектен батир алып коюшчу. Азыр мигранттар өмүр бою иштесе дагы үй ала алышпайт. Кыргызстанда орто айлык алгандар үй алууга акча топтой алышпайт. 104-105-сериядагы батирлер 100 миң доллар болду. Стамбулда, Испанияда мындай баалар жок. Мсоквага теңелип калды", - деди Алиев.

Эл өкүлү Монополияга каршы күрөшүү кызматын жок дегенде батир ижара акыларын көзөмөлгө алууга чакырды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча