Жарнама

Бурананын айланасы көрктөндүрүлөт

05.02.26 | 14:46
Бурананын айланасы көрктөндүрүлөт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

"Бурана мунарасы" археологиялык-архитектуралык музей комплексинин айланасын көрктөндүрүүгө багытталган долбоор даярдалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоор Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан кезектеги эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Анын алкагында аймакты жашылдандыруу, майда архитектуралык формаларды орнотуу, автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана туристтер үчүн ыңгайлаштырылган коомдук мейкиндик түзүү каралган.

Эскиздик долбоор музей комплексине келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүүнү максат кылат. Долбоордо жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор, эс алуу аянтчалары, жашыл зоналар жана туристтик инфраструктураны жакшыртуучу элементтер камтылган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча