Жарнама

Депутат: Coca-Cola заводу санитардык нормаларды сактабай, эреже бузуулар менен курулган

05.02.26 | 15:12
Депутат: Coca-Cola заводу санитардык нормаларды сактабай, эреже бузуулар менен курулган КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Депутат Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин жыйынында Ленин районунун Лущихин көчөсүнүн тургундарынын даттанууларын айтып чыкты.

Анын айтымында, заводдон күн сайын жагымсыз жыт чыгып турат.

"Завод санитардык нормаларды сактабай, эреже бузуулар менен курулган. Анын тосмосу жеке турак үйгө тийип турат", - деп белгиледи ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев завод үйлөргө караганда эртерээк курулганын айтып жооп берди.

"Coca-Cola – экологияга чоң көңүл бурган дүйнөлүк ачык компания. Ал жерден зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы мүмкүн эмес", - деп кошумчалады ал.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча