Жарнама

Кыргызстанда Борбор Азиядагы биринчи ядролук медицина борбору салынат

05.02.26 | 15:18
Кыргызстанда Борбор Азиядагы биринчи ядролук медицина борбору салынат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда келерки жылы Борбор Азиядагы биринчи өзөктүк медицина борбору салына баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында минстрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. 

Жыйында депутат Камила Талиева онкологиялык оорулар боюнча маселе көтөрдү. Анын айтымында, 2015-жылы рак илдетинен 5 миң киши каза болсо, 2025-жылы 6 миң адам көз жумган. 

“Бизде алдын алуу деген нерсе барбы?! Биздин медицина рак менен күрөшүүдө комада жатат”, - деди ал.

Данияр Амангелдиев депутат айткан көйгөй чын эле бар экенин белгилеп, бул көп жылдардан бери топтолуп келе жаткан маселе экенин айтты. 

Ал саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн акча 5 эсе көп көбөйтүлгөнүн, онкологиялык ооруларга өзгөчө көңүл буруларун билдирди. 

“Биз “Росатом” менен ядролук медицина тууралуу келишим түздүк. Келерки жылы бизде Борбор Азиядагы биринчи ядролук медицина борбору курулат”, - деди ал. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча