Кыргызстанда Борбор Азиядагы биринчи ядролук медицина борбору салынат
Кыргызстанда келерки жылы Борбор Азиядагы биринчи өзөктүк медицина борбору салына баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында минстрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Жыйында депутат Камила Талиева онкологиялык оорулар боюнча маселе көтөрдү. Анын айтымында, 2015-жылы рак илдетинен 5 миң киши каза болсо, 2025-жылы 6 миң адам көз жумган.
“Бизде алдын алуу деген нерсе барбы?! Биздин медицина рак менен күрөшүүдө комада жатат”, - деди ал.
Данияр Амангелдиев депутат айткан көйгөй чын эле бар экенин белгилеп, бул көп жылдардан бери топтолуп келе жаткан маселе экенин айтты.
Ал саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн акча 5 эсе көп көбөйтүлгөнүн, онкологиялык ооруларга өзгөчө көңүл буруларун билдирди.
“Биз “Росатом” менен ядролук медицина тууралуу келишим түздүк. Келерки жылы бизде Борбор Азиядагы биринчи ядролук медицина борбору курулат”, - деди ал.