Жарнама

№13 шайлоо округу боюнча ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштери башталды

09.02.26 | 10:18
№13 шайлоо округу боюнча ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштери башталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

9-февралда №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 28-февралга чейин уланып, шайлоо 1-мартта өтөт.

Бул округдан шайлоого 25 талапкер катталды. Алардын 15и эркектер, калган 10у аял талапкерлер.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бул округда 94 шайлоо тилкеси ачылганын жана алдын алда тизмеге 161 миңден көп шайлоочу киргизилгенин билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын контролдук тизмесин «Тизме» https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырды.

Шайлоочулардын контролдук тизмелери 2026-жылдын 9-февралына чейин 94 шайлоо участокторунда илинет.

Контролдук тизмеде 161 344 шайлоочу бар, анын ичинен:

- эркектер – 80 3418, же 49,84%;

- аялдар – 80 926, же 50,16%.

Жашы боюнча:

- 18 жаштагылар – 602, же 0,37%

- 19-35 жаштагылар – 67 442, же 41,80%

- 36-45 жаштагылар – 35 917, же 22,26%

- 46-55 жаштагылар – 23 518, же 14,58%

- 56-65 жаштагылар – 19 688, же 12,20%

- 66 жаштан жогоркулар – 14 277, же 8,79%.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча