Ак-Сууда электр тармактарынын кызматкери пара алууга шектелүүдө
09.02.26 | 10:30
УКМК тарабынан 2026-жылдын 29-январында пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасына караштуу Ак-Суу райондук электр тармактарынын эсептөө инженери К.М.А. кармалды. Ал электр эсептегичинде пломба жок болгондугу үчүн айып пулдун суммасын азайтуу максатында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туризм кызматын көрсөткөн ишкерлерден накталай акча түрүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.
Чогултулган далилдердин негизинде К.М.А. Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: