Мамлекеттик автомектептерде мектеп бүтүрүүчүлөрү акысыз окутулат
09.02.26 | 12:42
Бүгүндөн тарта мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу башталат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, окуулар онлайн жана офлайн түрдө жүргүзүлөт.
"Бүгүндөн тарта автомектептерге окуу үчүн өтүнмөлөр кабыл алына баштайт. Окуу мөөнөтү 10 айды түзөт. Жалпы сабактардын көлөмү 320 саат. Орто мектептерде 11-класстын окуучулары жаңы окуу жылынан тартып окутула баштайт. Алардан төлөм алынбайт", - деди ал.
Булак "Кабар" агенттиги
Редактор
Редактор
Поделиться: