Жарнама

Төрт ай окуп экзаменден өткөндөргө 1 жылдык айдоочулук күбөлүк берилет

09.02.26 | 13:15
Төрт ай окуп экзаменден өткөндөргө 1 жылдык айдоочулук күбөлүк берилет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 9-февралдан тарта мамлекеттик автомектептерге курсанттарды кабыл алуу башталганын билдирди.

Анын сөзүнө ылайык, автомектепти онлайн же барып окуса да болот. Мындан тышкары төрт ай окуп экзаменден өткөндөргө 1 жылдык убактылуу айдоочулук күбөлүк берилерин кошумчалады.

“Теориялык сабактар 320 саат болот. Төрт айдын ичинде 3-4 курсантыбыз окууга даяр болгон болсо тест алып, экзамендерге киргизебиз. Эгерде өтүп кетсе бир жылга убактылуу айдоочулук күбөлүк беребиз. Күбөлүк алган жаран бир жылда бир да жолу жол эрежесин бузбаш керек. Жол кырсыгына кабылбаш керек. Эгерде эреже бузуп, кырсыкка кабылса күбөлүгү жокко чыгат. Окуунун мөөнөтүнө байланыштуу президент тапшырма коюп “убактысын карап көргүлө” деген. Биз азыр Европа мамлекеттеринин ыкмаларын колдонуп жатабыз”, - деди ал.

Каныбек Туманбаев төрт айда экзаменден өтүп бир жылга убактылуу айдоочулук күбөлүк алган адам эреже-талаптарды сактаса андан кийин расмий күбөлүк тапшырыларын кошумчалады.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча