Жарнама

Жалал-Абадда 71 жаштагы жаран 15 жаштагы небересин зордуктоого шектелип кармалды

09.02.26 | 13:43
Жалал-Абадда 71 жаштагы жаран 15 жаштагы небересин зордуктоого шектелип кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Базар-Коргон районунда 71 жаштагы жаран 15 жаштагы небере кызын зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган 34 жаштагы жаран шектүү өзү жашаган үйдө небересин зордуктоого алганын айткан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле кызга карата тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Шектүү Базар-Коргон райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча