Жарнама

Баңгизатка байланышкан кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилиги 14 жаштан тартып каралат

09.02.26 | 15:03
Баңгизатка байланышкан кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилиги 14 жаштан тартып каралат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ички иштер министрлиги жарандарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардан алыс болууга чакырат.

Баңгизаттарды сатуу, даярдоо жана таратуу - коомго, айрыкча жаш муундун келечегине олуттуу зыян келтирген оор кылмыштардын катарына кирет. Мындай мыйзамсыз аракеттер жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана коомдук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч жаратат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, баңгизатка байланышкан кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилиги 14 жаштан тартып каралат. Күнөөлүү адамдар 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, ошондой эле мүлкүн конфискациялоо жазасына тартылышы мүмкүн.

Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзамды так сактоого, баңгиликке байланышкан кылмыштарга аралашпоого жана өзүнүн, ошондой эле жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча