Ысык-Көл облусунда электромобилдер үчүн заряддоо станциялары орнотулат
10.02.26 | 11:08
«Чакан ГЭС» ААК тарабынан Ысык-Көл облусуна жалпы 10 зарядоочу станция орнотот. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.
Учурда жер тилкелерин ижарага алуу боюнча зарыл болгон документтер даярдалууда.
Аталган 10 заряддоо станция төмөнкү аймактарга орнотулат:
Балыкчы шаары — 2 жер тилкеси;
Бөкөнбаев айылы — 1 жер тилкеси;
Кызыл-Суу айылы — 1 жер тилкеси;
Каракол шаары — 2 жер тилкеси;
Түп айылы — 2 жер тилкеси;
Чолпон-Ата шаары — 2 жер тилкеси.
Зарыл документтер бүткөн соң курулуш-монтаждоо иштери башталат. Заряддоо станцияларды быйылкы жылы ишке берүү пландалууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: