Жарнама

5 кг синтетикалык баңгизат менен Казакстандын жаранын кармады

10.02.26 | 16:04
5 кг синтетикалык баңгизат менен Казакстандын жаранын кармады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-февралда Казакстандын жараны салмагы 5 кг болгон "Альфа ПВП" синтетикалык баңгизаты менен кармалган.

Ал учурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, баңгизат каналынын уюштуруучуларын аныктоого багытталган кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошондой эле өндүрүү, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасына тартылаарын эске салат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча