Жарнама

Эттин баасына убактылуу мамлекеттик чектөө киргизилди

10.02.26 | 19:15
Эттин баасына убактылуу мамлекеттик чектөө киргизилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда эттин - уй жана кой этинин бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди Бул тууралуу экономика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-январдагы №3 буйрук күчүнө кирген. Бул документтин алкагында Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрү өлкө боюнча эттин чекене сатуу бааларын чектеп белгилешкен.

Чектелген баалар аймактар боюнча:

Бишкек: уй эти — 720 сом, кой эти — 710 сом;

Чүй облусу: 740–750 сом;

Нарын облусу: 620–680 сом;

Ысык-Көл облусу: 680–740 сом;

Талас облусу: 685–695 сом;

Ош жана Ош облусу: 720–730 сом;

Жалал-Абад облусу: 630–720 сом;

Баткен облусу: 700 сом.

Министрлик белгилегендей, бул чаралар баалардын кескин өсүүсүн алдын алуу жана керектөөчүлөрдү коргоо максатында кабыл алынган. Белгиленген баалардын сакталуусун аймактагы антимонополия органдары көзөмөлдөйт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча