Депутат: Президентибиз жанагы чечимден кийин жакшы уктабады да, Ташиев да ооруп жатат
Бүгүн, 11-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев өлкөдөгү орун алганы саясий кырдаалга токтолуп, парламентти бөлүнбөөгө чакырды.
Ал кечээ күнү президент Садыр Жапаровду уктай албаса керек деген божомолун айтты. Эл өкүлү 2006-жылы "Ата-Журт" партиясын Жапаров менен Ташиев түзгөнүн эске салып, алар менен партиялаш болгонун белгиледи.
"Мен эч качан Садыр Жапаровго дагы, Камчыбек Ташиевге дагы калп айткан эмесмин. Түнү менен ойлонуп чыктым, кечээ түнү президентибиз Садыыр Нуркожоевич жанагы чечимден кийин жакшы уктабады да, Камчыбек Ташиев да ооруп жатат, кыйналууда. Жапаров элдик президент, Ташиев Кыргыз эл баатыры, экөө биригип чек араны чечти, экономиканы өстүрдү... Эми жумушта түшүнбөстүктөр болот. Эки досумду чакырат элем, баары жакшы болот, баарыбыз бир болобуз. Алдыга койгон максаттарга жетебиз. Экөө тең кыргыз элинин патриоту. Экөө тең эл дегенде, журт дегенде ичип жаткан суусун, жеп жаткан ашын таштап, чуркап кетет. Ошол себептен ушундай убакта биз да - парламент бөлүнбөй жарылбай туруп берсек, мен ишенем, Кыргызстан кубаттуу мамлекет болот ", - деди Кыдыралиев.