Жарнама

Жалал-Абадда мыйзамсыз иштетилген 8 шахта жабылды

12.02.26 | 09:49
Жалал-Абадда мыйзамсыз иштетилген 8 шахта жабылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жалал-Абадда “Маркай” тилкесиндеги мыйзамсыз иштетилген 8 шахта жабылды. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шахталардын тереңдиги 80–120 метрге чейин жетип, коопсуздук талаптары сакталган эмес. Мыйзамсыз тартылган электр чубалгылары энергетиктер тарабынан үзүлдү.

Адистер белгилегендей, мыйзамсыз жана эски ыкма менен кен казуу адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратат. Мындай шахталарда коопсуздук шарттары камсыздалбагандыктан, буга чейин адам өлүмү менен аяктаган учурлар катталган.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү. Мыйзам бузуулар кайталанса, тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.

Көк-Жаңгак кенинин “Маркай” тилкесинде мыйзамсыз көмүр казууга каршы атайын рейд 10–11-февралда күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча