Жарнама

220 мектептеги STEM-класстары заманбап жабдуулар менен камсыздалды

12.02.26 | 11:17
220 мектептеги STEM-класстары заманбап жабдуулар менен камсыздалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Өлкө боюнча 220 кластердик мектеп STEM-класстар үчүн (физика, химия, география, биология) заманбап окуу-лабораториялык жабдуулар жана практикага багытталган, санариптик окутууну камсыздаган маалыматтык-коммуникациялык каражаттар менен камсыздалды.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жабдууларды жеткирүү өлкөдө билим берүү тутумун масштабдуу түрдө трансформациялоого, анын ичинде мектептерде STEM-предметтерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган "Алтын казык" мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.

Лабораториялык жабдуулар ар түрдүүлүгү менен айырмаланып, окуу процессинде ар кыл багыттагы тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жалпысынан 220 кластердик мектепке 5 500 комплект лабораториялык жабдуу, 220 интерактивдүү панель жана ошончо эле сандагы ноутбук жеткирилди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча