Жарнама

7-Апрель көчөсүндө жылуулук тармагындагы авария калыбына келтирилүүдө

12.02.26 | 12:23
7-Апрель көчөсүндө жылуулук тармагындагы авария калыбына келтирилүүдө КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкектеги 7-Апрель көчөсүндө Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жылуулук тармагында авария катталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. 

"Авария түтүктөр эскиргендиктен келип чыккан. Мында жылуулук түтүктөрү 1974-1986-жылдары курулган. Оңдоо иштеринин жүрүшүндө шаардын түштүк бөлүгүндө жылуулук энергиясын берүү убактылуу чектелиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Ишкана туруктуу жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү үчүн зарыл чараларды көрүүдө.



Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча