Жарнама

Жүк ташуучу айдоочулардан акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

12.02.26 | 15:38
Жүк ташуучу айдоочулардан акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жүк ташуучу айдоочулардан акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. 

УКМК кызматкерлери тарабынан «спортобщак» деп аталган топтун өкүлдөрү катары белгилүү болгон «Д.Ж.» жана «Р.у.А.» аттуу жарандар кармалган. Алар чет өлкөлүк жарандардан мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын чогултуу менен алектенип келишкен.

Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Д.Ж. жана Р.у.А. 15 жыл бою системалуу түрдө коркутуу жана физикалык басым көрсөтүү аркылуу «Дордой» соода комплексинен коңшу мамлекеттерге жүк ташыган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча каражаттарын опузалап талап кылып келишкен. Алар жүктүн ар бир баштыгына жана ар бир жүк ташуучу унаа үчүн өзүнчө акча алып турушкан.

Ошондой эле, Д.Ж. укук коргоо органдарындагы тааныштарын пайдаланып, буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы аныкталган. Мындан тышкары, анын кылмыштуу чөйрөгө тиешеси бар адамдар менен, анын ичинде К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу жана Р.Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен тыгыз байланышы тастыкталган.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, кармалган Д.Ж. жана Р.у.А. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча