Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, шайлоо учурунда 83 бюллетень берилди. Марлен Маматалиевдин талапкерлигин 77 депутат колдоп, 5 киши каршы добуш берди.
44 жаштагы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Ал мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу.
Эмгек жолун Социалдык фонддон баштап, кийин Экономика, Финансы министрликтеринде иштеген. 2009-2010-жылдары ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Кийин өкмөттө иштеп, жеке ишкерлик менен алектенген. 2018-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика - Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2020-жылкы чуулгандуу парламенттик шайлоого бийликчил “Мекеним Кыргызстан” партиясынан катышкан. 2021-жылдагы “Ынтымак” партиясын Жогорку Кеңешке баштап барып, мандатка ээ болгон.