ЖКнын экс-спикери Жапаров — Ташиев тандемин бузду деп айыптаган блогер кармалды
13.02.26 | 09:18
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун Жапаров — Ташиев тандемин бузду деп айыптаган Ж.С. аттуу блогер кармалгды. Бул тууралуу Бишкек милициясы кабарлады.
Маалыматта анын соцтармакка жарыялаган материалдарында өлкө жетекчилеринин аброюна доо кеткен белгилер бар экени айтылат. Кармоо учурунда Ж.С. милиция кызматкерлерине баш ийбей оройлонгону белгилүү болду.
Факт боюнча "Майда бейбаштык" беренеси менен протокол түзүлүп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Редактор
Редактор
Поделиться: