Жарнама

АКШда кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылды

16.02.26 | 08:48
АКШда кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

29-январда АКШнын Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарында Кыргызстандын жарандары катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучулардын арасында АКШдагы жергиликтүү билим берүү мекемелеринде окуган төрт кыргызстандык болгон.

Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөлүк мекемелери жабыркагандар менен туруктуу байланышта болуп, алардын абалын көзөмөлдөп турушат. Учурда бардык жарандарга зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

"Кыргыз диаспорасы тарабынан дарыланууга каражат чогултуу уюштурулган, учурда укуктук жардамга муктаждык жок. Аталган кырдаал Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча