Жарнама

Бишкекте аба ырайы +22 градуска чейин жылыйт

16.02.26 | 10:25
Бишкекте аба ырайы +22 градуска чейин жылыйт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Алдыдагы жумада Бишкек шаарында жылуу аба ырайы күтүлүп, дем алышка жакын абанын температурасы акырындап төмөндөйт.

Бүгүн күндүз абанын температурасы +15…+17 градус болсо, түнкүсүн +4…+6 градус болот. Аз өлчөмдө жаан жаашы мүмкүн.

17-февралда күндүз +14…+16 градуска чейин жылыйт, түнкүсүн +3…+5 градус болот. Ала булут каптайт.

18-февралда күндүз аба ырайы +19…+21 градуска чейин көтөрүлүп, түнкүсүн +6…+8 градус ченинде. Жаан-чачын болбойт.

19–20-февралда аптанын эң жылуу күндөрү болуп, күндүз +20…+22 градус, түнкүсүн +5…+7 градус болот. Күн ачык болору күтүлүүдө.

21–22-февралда акырындан салкындап, күндүз +10…+12 градус, түнкүсүн +3…+7 градус болот. Ала булут каптайт.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, аптанын ортосу борбор калаада жаз күнүндөй жылуу өтүп, дем алышка карата абанын температурасы байкаларлык төмөндөйт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча