Жарнама

ЖКнын тармактык комитети УКМКнын жаңы башчысын жактырышты

16.02.26 | 15:41
ЖКнын тармактык комитети УКМКнын жаңы башчысын жактырышты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жыйында УКМКнын төрагасы кызматына талапкерликти жактырды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Бектур Зулпиев Шабданбековдун өмүр баянын окуп берди.

"Шабданбеков Жумгалбек Кумарович 1970-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. Билими жогорку, 1991-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун экономика факультетин аяктаган, 2022-жылдан бери генерал-майор чини бар. Университетти аяктагандан кийин ишин Талас салык инспекциясы башкармалыгында улук инспектор болуп баштаган. 1994-жылдан бүгүнкү күнгө чейин УКМКнын ар кыл тармактарында, Антитеррордук борбор, контрчалгындоо, Р-башкармалыгы, Коррупцияга каршы кызматынын жооптуу кызматтарында иштеген, ошондой эле 9-кызматтын жетекчиси болгон", - деп билдирди ал.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча