Парламенттин тармактык комитетинде 3 министрдин талапкерликтери каралды
17.02.26 | 11:09
Бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында өзгөчө кырдаалдар, жаратылыш жана транспорт министрлеринин талапкерликтери каралды.
Алардын талапкерликтерин президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпуев тааныштырды. Жыйынтыгында депутаттар өзгөчө кырдаалдар министрине Урматбек Шамыркановдун, транспорт министрине Талантбек Солтобаевдин жана жаратылыш министрине Акыл Токтобаевдин талапкерликтерин жактырышып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберишти.
Редактор
Редактор
Поделиться: