Жарнама

Тез жана ишенимдүү. Газдын көрсөткүчтөрүн тапшыруунун оңой жолдору

17.02.26 | 11:19
Тез жана ишенимдүү. Газдын көрсөткүчтөрүн тапшыруунун оңой жолдору КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган айрым абоненттер газ эсептегичинин көрсөткүчтөрүн дагы эле тапшырышпайт.

Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелерине ылайык, ар бир абонент ай сайын газ эсептегичинин көрсөткүчтөрүн тапшырууга милдеттүү. Бирок көптөр бул тууралуу унутуп коюшат. Айрымдары газды колдонбогондуктан көрсөткүчтөрдү жиберишпейт. Компания көрсөткүчтөр өзгөрбөсө да, аларды тапшыруу керек экенин эскертет. Эгер абонент үйүндө жашабай, узак убакыт газды колдонбосо, ал жөнүндө компанияга билдирүүгө тийиш. Бул үчүн gazprom.kg сайтындагы жеке кабинетте же мобилдик тиркеме аркылуу тиешелүү арыз калтыруу зарыл.

Колдонуудагы эрежелерге ылайык, көрсөткүчтөр берилбеген учурда төлөм орточо айлык керектөөнүн негизинде эсептелет. Эгер эсептегичтин маалыматтары үч айдан ашык убакыт тапшырылбаса, компания керектелген көлөмдү бекитилген ченемдер боюнча эсептөөгө укуктуу. Мунун айынан кийин кайра эсептөө зарылдыгы келип чыгышы мүмкүн.

 Ашыкча түйшүктөрдөн качуу үчүн, ар бир айдын 15инен 30уна чейин көрсөткүчтөрдү тапшыруу керек. Муну бир нече ыкма менен жасоого болот:

• «Газпром Кыргызстан» мобилдик тиркемеси аркылуу;

• gazprom.kg сайтындагы абоненттин жеке кабинети аркылуу;

• 4444 байланыш борборунун телефону аркылуу (уюлдук телефондон чалуу акысыз);

• 0701 68-07-07 WhatsApp номерине;

• Telegramдагы @gazpromkg_bot чат-боту аркылуу.

 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча