Жарнама

"Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулат

17.02.26 | 11:30
"Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкектеги өрттөн жабыркаган "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда маданий борбор куруу долбоорунун алкагында практикалык иштер башталды. Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан объекттин айланасына тосмолор орнотулуп, имаратты демонтаждоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 5-ноябрында имаратта өрт кырсыгы катталып, анын натыйжасында объект олуттуу жабыркаган. Окуядан кийин Бишкек шаарынын мэри жерине барып, тиешелүү кызматтарга объект боюнча чечим кабыл алуу жана долбоорду ишке ашырууну тездетүү боюнча тапшырма берген.

"Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы ачылган. Кийинчерээк "Учур" театрына өткөнү менен, имарат эскирип, оңдоого муктаж болгон.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча