Жарнама

Депутат Шаирбек Ташиев мандатын шайлоочулары гана ала аларын айтты

17.02.26 | 14:08
Депутат Шаирбек Ташиев мандатын шайлоочулары гана ала аларын айтты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда мандатына байланыштуу суроого да жооп берди. Коомчулукта “мандатын тапшырышы керек” деген сөздөргө комментарий берип, мындай деди:

“Менин мандатымды 24 миң 300 шайлоочум гана талаша алат. Башка эч ким “мандатыңды тапшыр” деп айта албайт. Мен элге кызмат кылып атам. Мен 24 миң 300 шайлоочума кызмат кылып, укугун коргоп атам. Ошолор кол чогултуп “сага ишенбей калдык. Башка адам келсин” десе ага даярмын. Анан бирөө “мандатыңды тапшыр” десе тапшырып, анан бирөө коркутса эле коркуп кала турган адам эмесмин”, - деди ал.

Шаирбек Ташиев 2021-жылы Жогорку Кеңешке Жалал-Абад бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган. 2025-жылы Манас шаарынын жана Сузак районунун бир бөлүгү кирген округдан кайрадан утуп келип, мандат алды. Ал мурдагы вице-премьер-министр, УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча