Жарнама

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин өкүлдөрү камактагы кыргыз жараны менен жолугушту

17.02.26 | 16:50
Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин өкүлдөрү камактагы кыргыз жараны менен жолугушту КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин өкүлдөрү Америкада кармалган Бекжан Бейшекеев менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 17-февралда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 13-февраль күнү АКШнын Чикаго шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Кентукки штатындагы Boone County Jail деп аталган түзөтүү мекемесинде кармалып жаткан кыргызстандык жаран менен жолугушту. Анда кыргызстандыкка укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча консулдук-укуктук кеңеш берилген.

Учурда штаттын укук коргоо органдары тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатканы кабарланды.

ТИМ тараткан маалыматка караганда, буга чейин министрлик кармалган жарандын жакындары жана ал иштеген трак компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушууларды өткөрүп, мындан аркы кадамдар жана укуктук коштоо маселелери талкуулаган.
Башкы консулдук түзөтүү мекемесинин администрациясы, АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын аймактык бөлүмү, ошондой эле жарандын туугандары жана жакындары менен байланышта, бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин көзөмөлүндө экени белгиленди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча