Жарнама

Кадамжайда жол кырсыгынан 4 адам каза болду

18.02.26 | 12:20
Кадамжайда жол кырсыгынан 4 адам каза болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кадамжай району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков жолундагы жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук жол милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 17-февраль күнү, саат 11:40 чамасында болгон. Анда оор жүк ташуучу унааны башкарып бараткан 30 жаштагы жаран каршы тилкеге чыгып, 28 жаштагы жаран башкарып бара жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил унаа менен кагылыша кеткен.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы төрт адам каза болуп, үч жаран Кадамжай шаардык ооруканасына жеткирилген. Жергиликтүү басылмалар каза болгон жарандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин жазышкан.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча