Шабданбеков УКМКнын кармалган кызматкерлеринин аракетине тергөө баа берерин айтты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жаңы төрагасы Жумгалбек Шабданбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин кармалышы тууралуу комментарий берди.
Ал “кылмыш ишин Аскер прокуратурасы козгогонун, күнөөсү бар-жогун тергөө аныктай турганын” айтты.
Бул маселеге байланыштуу УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору Алишер Эрбаев да суроолорго жооп берди.
“Алардын ичинде биздин да кызматкерлер бар. Аны жокко чыгарбайбыз. Кандай кылмыш иши, тергөө амалдары кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат бере албайм. Себеби тергөөнүн купуя сыры бар. Бул боюнча Аскер прокуратурасы маалымат бериши керек”, - деди ал.
18-февралда Жогорку Кеңеш УКМКнын төрагалыгына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин жактырды.