Кыргызстанда окуу акысы бир жылда 26.4%га кымбаттады
2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тарифтери жалпысынан 11.2%га өстү. Эң жогорку өсүш билим берүү тармагында катталып, окуу акысы 26.4%га жогорулады.
Маалыматка ылайык, турак жайларды оңдоо чыгымдары 23,9%га, маданий иш-чараларды уюштуруу кызматтары 14.1%га, чач тарач кызматтары 13.8%га, ал эми мейманкана тейлөөсү 12.4%га өскөн.
Ошондой эле амбулатордук медициналык кызматтар 9.4%га кымбаттаган. Темир жол аркылуу ташуулар 8.6%га, унаа менен ташуу кызматтары 6.7%га жогорулаган. Бут кийим оңдоо кызматтары 6.9%га, кийим тигүү кызматтары 6.4%га өстү.
Муну менен катар айрым кызматтардын баасы төмөндөгөн. Тактап айтканда, учак менен жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 4.8%га, почта кызматтары 0.5%га арзандаган.
Натыйжада, былтыр кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө билим берүү тармагы негизги таасир тийгизген.