Жарнама

Кыргызстанда окуу акысы бир жылда 26.4%га кымбаттады

18.02.26 | 14:08
Кыргызстанда окуу акысы бир жылда 26.4%га кымбаттады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тарифтери жалпысынан 11.2%га өстү. Эң жогорку өсүш билим берүү тармагында катталып, окуу акысы 26.4%га жогорулады.

Маалыматка ылайык, турак жайларды оңдоо чыгымдары 23,9%га, маданий иш-чараларды уюштуруу кызматтары 14.1%га, чач тарач кызматтары 13.8%га, ал эми мейманкана тейлөөсү 12.4%га өскөн.

Ошондой эле амбулатордук медициналык кызматтар 9.4%га кымбаттаган. Темир жол аркылуу ташуулар 8.6%га, унаа менен ташуу кызматтары 6.7%га жогорулаган. Бут кийим оңдоо кызматтары 6.9%га, кийим тигүү кызматтары 6.4%га өстү.

Муну менен катар айрым кызматтардын баасы төмөндөгөн. Тактап айтканда, учак менен жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 4.8%га, почта кызматтары 0.5%га арзандаган.

Натыйжада, былтыр кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө билим берүү тармагы негизги таасир тийгизген.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча