Жарнама

2026-жылга битир-садаканын өлчөмү бекитилди

19.02.26 | 09:09
2026-жылга битир-садаканын өлчөмү бекитилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2026-жылга карата битир-садаканын өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл ар бир адам үчүн битир-садака төмөнкү өлчөмдө белгиленди:

1,6 килограмм буудай — 60 сом

1,6 килограмм мейиз — 880 сом

1,6 килограмм ун — 90 сом

3,2 килограмм арпа — 100 сом

1,6 килограмм курма — 1 200 сом

Белгилүү болгондой, битир-садака аталган азыктардын наркына жараша акчалай түрдө да берилсе болот.

Муфтияттан билдиришкендей, азык-түлүктүн баасы туруксуз болгондуктан, битир-садака берүүдө алардын салмагына карап эсептөө сунушталат.

Эске салсак, өлкөдө ыйык Орозо айы бүгүн, 19-февралда башталды. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча