Жарнама

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

19.02.26 | 11:05
Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Өлкөдө Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Бул тууралуу илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Дурус Козуев 19-февралда маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, ЖРТга каттоо 18-февралда башталган, ал 2-апрелге чейин жүргүзүлөт.

"ЖРТнын турларынын графиктери министрлик тарабынан бекитилет. ЖОЖдорго гранттар ЖРТнын жыйынтыгына жараша бөлүштүрүлөт. Ал эми маданият, исскуство, дене тарбия багыттары боюнча гранттарды бөлүштүрүүнү аталган окуу жайлар өздөрү жүргүзүшөт",- деди Козуев.

Маалымат үчүн: Жалпы республикалык тестирлөө – бул Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин жана жөндөмдөрүн баалоо үчүн өткөрүлгөн экзамен. ЖРТ жыйынтыктары менен бүтүрүүчү өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшыра алат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча