Республикалык спорттук колледждин директору Айбек Ташматов камалды
Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин директору Айбек Ташматов 15-апрелге чейин камакка алынды.
Мындай чечимди 19-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы берген. Айбек Ташматовго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.
Ал 5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевге Республикалык спорттук колледждин базасында салынган жаңы спорт комплекси жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн жатакана, мечит жана тарбия корпусун тааныштырган.
Жакында эле социалдык тармактарда Айбек Ташматов Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) тойканалардын биринде тебетей кийгизип жатканы тартылган видео тараган.