Жарнама

Республикалык спорттук колледждин директору Айбек Ташматов камалды

20.02.26 | 09:18
Республикалык спорттук колледждин директору Айбек Ташматов камалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин директору Айбек Ташматов 15-апрелге чейин камакка алынды.

Мындай чечимди 19-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы берген. Айбек Ташматовго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Ал 5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевге Республикалык спорттук колледждин базасында салынган жаңы спорт комплекси жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн жатакана, мечит жана тарбия корпусун тааныштырган.

Жакында эле социалдык тармактарда Айбек Ташматов Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) тойканалардын биринде тебетей кийгизип жатканы тартылган видео тараган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча