УКМКнын Бишкек шаары боюнча 6-башкармалыгынын жетекчиси камакка алынды
20.02.26 | 10:50
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков 19-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен 15-апрелге чейин камакка алынды.
Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын башчысы берген. Райондук соттун маалыматында шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кине тагылды.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюлгандан кийин жемкорлук менен күрөш 6-башкы башкармалыкка жүктөлгөн.
Редактор
Редактор
Поделиться: