Өздөрүн органдын кызматкери катары көргөзүп, акча талап кылгандар кармалды
ИИМ өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз аракеттерди жасаган адамдардын тобун аныктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Кармалгандар турак жайларда мыйзамсыз ишмердүүлүктү уюштуруу фактыларын аныктоого багытталган кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүү шылтоосу менен жарандардын батирлерине мыйзамсыз кирип, акча талап кылышкандыгы аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголду.
Иликтөөнүн алкагында 1995-жылы туулган К.Ж.; 1994-жылы туулган Ж.Э.Ж.; 1995-жылы туулган С.А.А. кармалды. Кармалгандардын бардыгы мурда жеке күзөт агенттиктеринин кызматкерлери болушкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган адамдар Бишкек шаарынын аймагында 15 дарек боюнча ушундай эле аракеттерди жасашкан. Мыйзамсыз аракеттерден келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда.
Мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка мүмкүн болгон эпизоддорун аныктоо боюнча андан ары тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.