Жарнама

Кундузбек Сулайманов үн жаздыруу боюнча комментарий берди

23.02.26 | 16:39
Кундузбек Сулайманов үн жаздыруу боюнча комментарий берди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырган Кундузбек Сулайманов социалдык тармактарда тарап жаткан үн жаздыруу боюнча комментарий берди.

"Ал бала менен жеке тааныштыгым жок. Мага эч кандай басым же мажбурлоо болгон эмес. Тескерисинче, анын жетекчилери тарабынан кысым болуп жатканын укканда, маселени тынч жол менен чечүү керектигин, катуу уруш-талашка барбоону айткам. Бул чечимди сыноо катары кабыл албайм. Аны саясатташтырбооңуздарды өтүнөм", - деп жазды ал Facebook баракчасына.
Сулайманов ошондой эле мандатын тапшырып бергенинин себибине да токтолуп, чечим коомдогу бөлүнүүнү тереңдетпөө максатында кабыл алынганын белгиледи.
Айта кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Кундуз Сулаймановдун таанышын кызматка дайындоодо чыккан пикир келишпестик маселеси боюнча үн жаздыруу тараган. Анда эл өкүлү дайындап, кызматка алып барган тааныш баланы жетекчиси урушуп койгондугу баяндалат.
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча