Жарнама

1-майдан тарта электр энергиясына болгон тарифтер 27 тыйынга көтөрүлөт

24.02.26 | 11:26
1-майдан тарта электр энергиясына болгон тарифтер 27 тыйынга көтөрүлөт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Быйыл 1-майдан тарта электр энергиянын баасы 27 тыйынга кымбаттайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. 

Министрдин айтымында, электр энергиянын баасы 2027-жылы – 33 тыйынга, 2028-жылы – 39 тыйынга, 2029-жылы – 47 тыйынга жана 2030-жылы – 57 тыйынга көбөйүп, 2030-жылы электр энергиянын баасы өз наркына жетет. 

Эскерте кетсек, учурда жарандар 700 кВт/саатка чейинки электр энергиянын 1 киловатты үчүн 1 сом 37 тыйындан, 700 кВт/сааттан ашканда 2 сом 60 тыйындан төлөйт. 

2030-жылга чейин баалар кандай өзгөрөт (700 кВт/саатка чейин): 

▪2026-жылдын 1-майынан тарта – 1 сом 64 тыйын; 

▪2027-жылдын 1-майынан тарта – 1 сом 97 тыйын; 

▪2028-жылдын 1-майынан тарта – 2 сом 36 тыйын; 

▪2029-жылдын 1-майынан тарта – 2 сом 83 тыйын; 

▪2030-жылдын 1-майынан тарта – 3.4 сом болот.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча