Жарнама

Былтыр 174 спортчуга стипендия берилип, 450 наам ыйгарылды

24.02.26 | 14:36
Былтыр 174 спортчуга стипендия берилип, 450 наам ыйгарылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

2025-жылы спортчулардын мамлекеттик стипендиясына бюджеттен 65 млн 800 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев коллегияда билдирди.

Анын айтымында, агенттик жогорку жетишкендиктерге ээ жана өлкөнүн курама командасынын мүчөлөрүнө категориялар боюнча 20 миңден 60 миң сомго чейин стипендия төлөп келет. Былтыр 174 спортчуга мамлекеттик стипендия берилген.

Стипендиялар төмөнкү өлчөмдө берилет (сом менен):

  • 20-25-30 миң – өмүр бою;
  • 60 миң – дүйнө чемпионаты жана универсиада;
  • 50 миң – жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты;
  • 40 миң – дүйнө, Азия чемпионаттары жана кубоктор;
  • 20-25-30 миң – дүйнө жана Азия чемпионаттары (башка категориялар);
  • 25 миң – улуттук спорттун түрлөрү боюнча.

Ошондой эле ал белгилегендей, спортчулардын бул тармакка кошкон салымын баалоо максатында аларга 450 спорттук наам ыйгарылган.

  • Спорт чебери – 321;
  • Эл аралык класстагы спорт чебери – 65;
  • Ардагерлер арасындагы спорт чебери – 8;
  • Ардагерлер арасындагы эл аралык класстагы спорт чебери – 1;
  • Эмгек сиңирген машыктыруучу – 51;
  • Эмгек сиңирген спорт чебери – 4.
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча