Жарнама

Парламентте тармактык эки комитеттин төрагалары алмашты

25.02.26 | 16:15
Парламентте тармактык эки комитеттин төрагалары алмашты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин 25-февралдагы жыйынында Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетине Гүлкан Молдобекова төрайым болуп шайланды. Анын талапкерлигин “Ала Тоо” депутаттык тобу көрсөткөн.

Ушул эле күнү Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетине Сүйүнбек Өмүрзаков төрага болуп шайланды. Бул комитеттин төрагасынын орун басары депутат Жылдыз Курманалиева болду.

Парламент жыйынында төрага Марлен Маматалиев Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы Гүлсүнкан Жунушалиева жана Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы Болот Борбиев кызматын тапшыруу боюнча арыз жазганын билдирген.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча